Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун өлкө президентинен Темирлан Султанбековду камактан бошотууну суранды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
Ал социал-демократтар партиясынын лидеринин ден соолугунун начарлашына тынчсызданып жатканын билдирди.
«Акаевдик жана Атамбаевдик бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы көп күндүк ачкачылык жарыялаган укук коргоочу катары мен мындай акция өтө кооптуу экенин жакшы билем. Мунун трагедия менен бүтүшүн каалабайм. Темирлан бирөөнүн баласы, ата-энеси уулун бошоткула деп атат», — деп жазган ал.
Турсунбек Акундун айтымында, КСДПга каршы козголгон добуштарды сатып алуу боюнча кылмыш иши күмөн жаратууда.
«Укук коргоо органдары тарабынан партия мүчөлөрүн кармоо, коркутуу жана камоо фактыларынын көбөйүшү саясий куугунтукка окшошуп баратат. Бул сиздин демократиялык жана мыйзамдуу жолго берилгендигиңиз тууралуу сөзүңүзгө каршы келет», — деди ал Садыр Жапаровго.
Эске сала кетсек, былтыр 15-ноябрда Свердлов райондук соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверди 2025-жылдын 12-февралына чейин No1 СИЗОго камалган. Камакка алынгандар добуштарды сатып алган деп айыпталууда. Камалгандан кийин эле Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялаган. Адвокаттар анын саламаттыгы оор экенин айтышууда.