01:30
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

Түркиянын мейманканасында чыккан өрттөн кыргызстандыктар жабыркаган жок

Түркиянын «Карталкая» лыжа мейманканасында чыккан өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат суралды. Ал эми Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, учурда имараттын жогорку кабаттарындагы өрттү жоюу иштери жүрүп жатат, ошондой эле каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түркиянын Болу провинциясындагы «Карталкая» лыжа мейманканасында чыккан өрттөн улам 10 адам каза болуп, 32 адам жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар