22:13
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Бишкек мэриясы чыгыш бөлүгүндөгү жол курулушу боюнча маалымат берди

Борбор калаадагы Кара-Дарыя көчөсү Медеров көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери уланууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү дээрлик бүттү, ал эми Горький көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки иштер жасалууда.

Узундугу 1,4 чакырымды түзгөн Кара-Дарын көчөсүн капиталдык оңдоо иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспорт инфраструктура башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. Подрядчы болуп «Технотоп» ЖЧКсы саналат.

Белгилей кетсек, жолдун туурасы 9 метрди түзөт. Эки тарабында ирригациялык система жана тротуар орнотулат. Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу 2024-жылы башталган, ал борбордун түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы магистралдык жолдорду түзүү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары, Бакаев көчөсүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин ачуу боюнча иштер уланууда.

Бүгүнкү күндө демонтаждык иштер жана казуу иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда тирөөч дубалдарын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы тарабынан темир жол көпүрөсү курулду.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума