Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртүп, ага байланыштуу социалдык тармактарда кайрылуу жасады.
Эми төраганын фамилиясы Тургунбек уулу Нурланбек. Бул анын көптөн берки кыялы болгонун белгиледи.
"Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече варианттар берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм. Албетте, Шакы чоң атабыздын аты өчпөйт. Чоң атам катары ысымы урпактан урпакка айтылып, бир туугандарым Шакиев бойдон кала берет.
Ал эми Тургунбек атам жөнүндө айта кетсем, өзү өмүр бою жол тармагында эмгектенген карапайым адам эле. Үй түйшүгүн апама ишенип калтырып, өзү эл үчүн кызмат кылып жүрүп өттү. Андыктан өз мээнети менен жети баласын өстүрүп, эмгеги менен элге таанылган атамдын уулу болуш мен үчүн сыймык. Ошол эле учурда атамдын эле уулу эмесмин, мен кыргыздын уулумун. Бардык кыргыздын жүрөгүндө ушундай сезим жашашы керек«,- деп жазды ал.
Өтккөн айда парламент кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырган. Документте жарандардын фамилиясын, атасынын атын жазууда үч вариант сунушталган.
Мисалы, Асанов Үсөн Эсенович жаңы сунушка ылайык, Үсөн Асан Эсен уулу кылып өзгөртө алат. Аял болсо, атасынын атына «кызы» деп уланат.
Экинчи вариантта чоң атасынын атына «теги» мүчөсү уланып, кошулуп жазылат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсен уулу деп аталат.
Дагы бир вариант катары фамилияга чоң атасынын ысымы кошулганда, атасынын атына эркектер үчүн илик жөндөмөнүн мүчөсү уланып жазылат. Ал эми аялдар үчүн чыгыш жөндөмүн мүчөсү кошулат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсендин, аял болсо, Асантеги Айгүл Эсенден.