Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну жарыялады. АКШнын шайланган президенти журналисттерге орус лидери менен жолугушууга даярданып жатканын айтты. Бул тууралуу Fox News телеканалы билдирди.
«Ал жолугушууну каалайт. Ал эми биз даярданып жатабыз... Президент Путин жолугушууну каалайт, ал тургай муну ачык айтты. «Биз [Украина чатагына] чекит коюшубуз керек» деди Дональд Трамп Флоридада сүйлөгөн сөзүндө.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге келсек, көп талкуулар болду, деди ал.
«Көптөгөн адамдар менен көптөгөн жолугушуулар пландаштырылган, айрымдары болуп өттү. Бирок мен 20-январга чейин (АКШ президентинин инаугурациясы боло турган күн — ред.) күтүүнү туура көрөт элем», — деп кошумчалады болочок америкалык лидер.
Журналисттер Дональд Трамптан Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен кандай форматта сүйлөшүүнү каалай турганын сурашты.
«Бул дагы эле аныкталат» деп жооп берди ал.