06:52
USD 87.00
EUR 90.44
RUB 0.86

Садыр Жапаров таштандыны челекке таштабаган жарандарга нааразы болду

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына тазалыкты сактабаган жарандар тууралуу катуу билдирүү жарыялады.

Ал белгилегендей, тилекке каршы, эл арасында кайдыгер, шалаакы адамдар бар. Бул өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында байкалат.

«Мен шаар жетекчилерин «Таштанды челектин сыртына чейин таштанды чыгып кеткен, тазалабайсыңар, тазалыкты начар кармайсыңар!», — деп урушам. Алар мага ушул видеону жөнөтүштү. Эмне деген адепсиздик? Таштанды челектер бош турат. Машинадан чыга калып таштанды челектин ичине салып коюш ошончолук кыйынбы?! Анан мэрлерди «Таштандыны тазалап коюшпайбы, шарт түзүп беришпейби»?, — деп сындасаңар жаныңарга киши тура албайт. Мына ушул видеону жакындатып карасаңар кимдер экенин кошуналары тааныйсыңар. Уяткарып, тарбиялап койбойсуңарбы?! Коомду жалгыз киши тарбиялай албайт. Коом өзүн өзү тарбиялаш керек», — деп жазды президент.

Эң көп окулган жаңылыктар