«Кылым долбоору» деп аталган Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору Казакстандын, Өзбекстандын катышуусу жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен активдүү өнүгүп жатат. Эгерде баары план боюнча кетсе, жайга чейин базалык дамбаны жана башка инфраструктуралык объектилерди курууну баштайбыз«, — деди президент КР энергетика тармагынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып.
«Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жаз-жай мезгилинде коңшу республикаларга суу берүүнү жана күз-кыш мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясына болгон керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Тагыраак айтканда, бул ГЭСтин курулушу — Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол. Ошону менен бирге Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда «Камбар-Ата-1» ГЭСинин эбегейсиз мааниси ортого чыгат", — деди президент.
Ал улуу мүдөөлөрдү көздөө багытында жасалып жаткан иштер: түзүмдүк реформалар, курулуп жаткан чакан ГЭСтер, улуттук долбоорлор — энергетиктердин талыбаган аракети аркасында ишке ашып жаткандыгын баса белгилей кетти.