Элдик Курултайдын Чүй облусунун Ысык-Ата районунан келген делегаты Чылпакбек Дарбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевден алардын мандатын бир жылга узартууну суранды.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун өкүлү Анаркан Айдарова да ушундай эле өтүнүч менен кайрылган.
«Биздин эки күндүк мандатыбыз почтальондун иши. Биз бул жерге келип, өз сунуштарыбызды айтып, каттарды калтырабыз, ушуну менен биздин миссиябыз аяктайт. Эгер делегаттардын мандатын бир жылга узартсаңар элдин көп көйгөйлөрү тезирээк чечилмек. Нурланбек Тургунбекович, сизде 90 депутат бар, бул жерде колдоочу боло турган 700 делегат бар», — деди Чылпакбек Дарбеков.
Делегаттын сунушун жыйындын катышуучулары дүркүрөгөн кол чабуулар менен колдоп кетишти.