21:57
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

III Элдик курултай: Делегат Араванга төрөт үйүн курууну өтүндү

Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик Курултайда Ош облусунун Араван районунан келген делегат Үсөнбай Алтыбаев өзү жашаган Гүлбаар айылына бала бакча жана төрөт үйүн курууну суранды.

«Сиз өзүңүз айттыңыз, Кыргызстандын калкын көбөйтүү керек деп. Муну эми уул-келиндерибизге айтабыз. Көбөйтүшөт», — деп тамашалады Үсөнбай Алтыбаев президентке кайрылып.

Делегат Кичи-Алай айылындагы 1971-жылы курулган мектептин көйгөйүн көтөрдү. Билим берүү мекемеси жараксыз абалга келгендиктен жаңысын куруп берүүнү суранды.

Ошондой эле Үсөнбай Алтыбаев Ош-Араван жолун Гүлбаар жана Маңгыт айылдарын аралап өтүүчү жолду асфальттоону суранды. Ал ошондой эле өзү инженер-энергетик экенин айтып, Энергетика министрлигинин башчысы Таалайбек Ибраевге кайрылып, Ош электр тармактар ​​ишканасына трансформаторлорду жана таянычтарды бөлүп берүүнү суранды. Азыр жаңы курулуп жаткан имараттарда алардын саны аз.

Эң көп окулган жаңылыктар