Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, министрлерге эскертүү берди.
Ал жогорку кызматтагыларды эски күндөрдү унутуп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.
«Араңарда көптөн бери иштеп жүргөндөр бар. Эски күндөрдү унут. Мен ар бир жетекчиге айтам: тармакты тартипке келтиргиле. Коррупция, уурулук жоюлсун. Таза иштегиле. Эгер чынчыл, калыс иштейм деген ишенич жок болсо, анда арыз жазып, кете бер. Сизге жакшы болот», — деди мамлекет башчы.
Белгилей кетсек, бүгүн жыйында Адылбек Касымалиев башында турган Кыргызстандын жаңы кабинети элге Жогорку Кеңешке жана президентке берилгендигине ант берди.