Президент жарлыкка кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, министрлер кабинетинин төрагасы — президентинин администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды.
Эске сала кетсек, ал буга чейин Акылбек Жапаровдун биринчи орун басары болуп иштеген.
Адылбек Касымалиев 1960-жылы 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган.
1984-жылы Ленинград финансы-экономикалык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.
2015-2018-жылдары Кыргызстандын каржы министри болгон.
2021-2022-жылдары — Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары.
2022-жылдын июнь айында министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.