17-декабрда Будапештте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Адылбек Касымалиев Венгрияга бир күндүк иш сапары менен келди.
Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыкты ырасташты.
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга Республикасына расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга өзгөчө көңүл бурулду.