Президент Садыр Жапаров Данияр Амангелдиевди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Документке ылайык, ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Данияр Амангелдиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Данияр Амангелдиев 1982-жылы 30-мартта Чүй облусунда туулган. КУУнун экономика факультетин бүтүргөн. Каржы министрлигинде, Экономика министрлигинде жана дипломатиялык кызматтарда иштеген.
Токмок шаарынын мэри (2018-2020), андан кийин экономика жана каржы министринин орун басары болгон. 2021-жылдын октябрынан тарта Экономика жана соода министри болуп иштеген.