17:47
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мектебинде өрт чыкты

Кечээ Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш мектебинде өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, өрт саат 22:28де өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө облустук өрткө каршы кызматынын эки бөлүмү тартылган.

ӨКМнын басма сөз кызматы
Фото ӨКМнын басма сөз кызматы
Маалым болгондой, куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин аркасында 2020-жылы курулуп, пайдаланууга берилген мектептин ашканасын өрттөн сактап калууга мүмкүн болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр жергиликтүү тургундардын жардамы менен китептерди, парталарды жана башка мектеп эмеректерин алып чыгышты.

Окуянын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.

Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума