23:43
USD 86.96
EUR 91.03
RUB 0.84

Аскат Алагөзов: 23-октябрь Эл аралык ак илбирстин күнү деп жарыяланды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Садыр Жапаровдун Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө демилгесин колдоду.Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 23-октябрь Эл аралык ак илбирсти коргоо күнү деп жарыяланды.

“Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы кайталангыс табиятты сактоо боюнча аракеттеринин глобалдык маанисин ачыктап турат. Мындан ары бийик тоолуу экосистеманын символу болгон ак илбирс эл аралык күн катары белгиленет", - деп жазды ал.

Алагөзов эске салгандай, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясында 79-жыйынында президент Садыр Жапаров ак илбирс региондун туруктуу өнүгүүсүнүн символуна айланганын айтып, аны сактоо боюнча Кыргызстандын аракеттерин тизмектеген.

Ошондой эле өткөн жылы мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

"Ак кар-көк муздуу асман тиреген тоолорубузду байырлаган ак илбирс баштаган ажайып кооз жаратылышыбыздын баркына жетели, бапестеп сактайлы, урматтуу замандаштар!!!", - деп жазды президенттин басма сөз катчысы.

 Сүрөт Президент Садыр Жапаров Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасынын (GSLEP) кызматкерлери менен фотокапкандарды орнотуу учурунан. Ноябрь, 2023-жыл

Эң көп окулган жаңылыктар