15:49
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Гимнди өзгөртүү. Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ага сегиз депутат кирди

Гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Анын курамына сегиз депутат кирди. Булар Бактыбек Марипов, Азамат Исраилов, Аккулу Бердиев, Винера Раимбачаева, Кубанычбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Советбек Рустамбек уулу жана Айбек Маткеримов.

Министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жаңы гимндин үч вариантын сунуштап, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгышы керек. Депутаттар эң ылайыктуусун тандап алышы зарыл.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүү зарылдыгын билдирген. Төрага азыркы мамлекеттик символду ишке ашыруу кыйын деп эсептейт. Анын айтымында, гимн келерки жылдын апрелине чейин кабыл алынышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
12-декабрь, бейшемби