08:15
USD 87.00
EUR 91.29
RUB 0.84

Улан-Батор музейинде Улуу Кыргыз каганатына арналган бурч ачылат

Улан-Батор шаарындагы Чынгызхан музейинде Улуу Кыргыз каганатына арналган бурч ачылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин КРнын Маданият министрлиги жана Улуттук тарых музейи менен тиешелүү келишим түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Чыңгызхан музейи 2022-жылдын октябрь айында ачылган. Бул 11 миң чарчы метр аянтты ээлеген тогуз кабаттуу имарат. Жалпысынан музейге 14 өлкөдөн Чыңгызханга жана Монгол империясына байланыштуу тарыхый экспонаттардын жогорку тактыктагы көчүрмөлөрү алынып келинген. Эрмитажда сакталган «Чыңгыз таштын» көчүрмөсү Орусиядан алынып келинген.

Музейде 12 миңге жакын экспонат жана эстелик сакталат. Анын 10 миң 323ү (93 пайызы) түп нускасы менен сакталган. Калгандары чет элдик музейлерден, китепканалардан жана архивдерден алынган кээ бир экспонаттардын жана искусство чыгармаларынын көчүрмөлөрү турат.

Эң көп окулган жаңылыктар