Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы менен таанышып жатып билдирди.
«2024-жылдын 11 айында биз өнүгүү темпин гана сактап калбастан, тездетип, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдап, келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубал түздүк», — деп белгиледи ал президенттик аппараттын жыйынында.
Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2024-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 1 225 950,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 109%ды түздү (2023-жылдын январь-ноябрында — 104,4 %). «Кумтөр» кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 1 159 813,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 110,3%ды түздү.
Туруктуу өсүш баарынан мурда өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн бир кыйла көбөйтүү менен шартталган. Экспорттун жана инвестициянын өсүшү да процесске салым кошууда.
Экономиканын тармактары төмөндөгү көрсөткүчтөрдө:
• Өнөр жай продукциясынын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы көлөмү 513 346,9 млн сомду түзүп, өсүү темпи 104,8 %ды түздү (Кумтөрдү эсепке албаганда — 331 258,4, өсүү темпи 113,0);
• Айыл, токой жана балык чарбасынын дүң продукциясы — 369 613,3 млн сом, өсүү темпи — 106,2%;
• Курулуштагы дүң продукция — 219 020,3 млн сом, өсүү темпи — 132,6%;
• Негизги капиталга инвестициялар (капиталдык салымдар) — 214 537,6 млн сом, өсүү темпи — 147,3%;
• Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы көлөмү — 1 422 399,5 млн сом, өсүү темпи — 118,5;
• Кызматкерлердин орточо айлык акысы — 36 002 сом, өсүү темпи 112%;
• Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү — 13 443,4 млн АКШ долларды түзүп, өсүү темпи 106,4%ды түздү;
• Импорт — 10 310 млн АКШ долларды, өсүү темпи — 101,8%;
• Экспорт — 3 123,4 млн АКШ доллар, өсүү темпи — 125,2%.
«Бүгүнкү күндө биздин негизги милдетибиз — экономиканын реалдуу секторунун салымын күчөтүү, чет элдик инвестицияларды тартууну улантуу жана алардын стратегиялык маанилүү тармактарга ийгиликтүү интеграциясын камсыз кылуу. Биз 2025-жыл биздин амбициялуу максаттарыбызга жетүүдөгү дагы ийгиликтүү этап болоруна бекем ишенебиз. Кыргызстан алдыга жылып, кыйынчылыктарды ишенимдүү жеңип, туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат», — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.