Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суудагы бөлүмүнүн директору жер тилкелерине мамлекеттик актыларды мыйзамсыз бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Ж.Р.Б филиалынын жетекчиси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын (мурдагы Шарк) Ачинск массивинин башкы планына өзгөртүү киргизген.
Көрсөтүлгөн аракеттердин натыйжасында жеке турак-жай куруу үчүн участокторго (ЖКК) жеке менчик актылары мыйзамсыз берилген, бирок бул жерлер алгач социалдык объектилерди курууга жана айыл чарба багытында пайдаланууга арналган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Р.Б. кармалып, КР МУККнын СИЗОсуна киргизилген. Мында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын 11 кызматкери ээлеген кызматынан бошотулган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.