Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын лидери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
«Россия биздин мамлекеттердин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө кошкон жеке салымыңызды жогору баалайт.
Биз Сиз менен эки тараптуу байланыштардын бүткүл комплексин мындан ары бекемдөө, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыктарында жигердүү биргелешкен ишти улантабыз.
Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана дос мамиледеги Кыргыз Республикасынын элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Бүгүн Кыргызстандын президенти 56 жашка толду. 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл районунун Кең-Суу айылында туулган. Ал республиканы 2021-жылдын 28-январынан бери жетектеп келет. Буга чейин ал 2020-жылдын 10-октябрынан 2021-жылдын 21-январына чейин өлкөнүн премьер-министри болгон.