09:24
USD 87.00
EUR 91.29
RUB 0.84

ЖК депутаты Социалдык фонддун окуу борборун жабууну сунуштады

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Социалдык фонддун окуу борборун жабуу же башка багытка өзгөртүүнү сунуштады.

«Мен ал жерде эмне кылып жатышканын билбейм. Бирок пенсияны эсептегенге кызматкерлер жетишпейт. Мектеп окуучуларын же студенттерди окутуунун эмне кереги бар? Салык кызматы мына ушундай кылышы керек: салыктарды төлөп, Социалдык фондго чегерүү керек экенин жалпы элге түшүндүрүү», — деди ал.

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев борбордо алты гана кызматкер иштеп, алар калкты эле эмес, КР Социалдык фондунун кызматкерлерин да окутуп жатканын айтты.

«Бизде өлкө боюнча 53 райондук бөлүм бар. Алар бардык райондорду кыдырып, жумушчуларды окутуп жатышат», — деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар