Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев көчөлөргө жана айылдарга адамдардын ысымын ыйгарууга мораторий киргизүүнү сунуштады.
Эл өкүлдөрү Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айрым айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулашты.
«Бул мыйзам долбооруна ылайык, 17 айылдын ичинен 13 айылдын атын ыйгарып жатабыз. Биз мындан баш тартышыбыз керек. Бишкекте Кайсын Кулиев атындагы көчө бар. Бул кишиге боорум ооруйт. Бул көчөдө дайыма сойкулар кармалат, бычакталып жатат. Кайсын Кулиев акын жана прозаик, журналист, согуш кабарчысы», — деди Жанар Акаев.
Анын айтымында, көчөлөрдү номерлөө системасын киргизүү зарыл.