16:21
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

«Түндүк» тиркемесинде кыргызстандыктар үчүн жаңы кызмат пайда болду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Түндүк» тиркемесинде жаңы кызмат тууралуу маалымат берди.

«Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Дарек боюнча катталгандардын саны жөнүндө маалымкат» жаңы кызматы ачылды. Эми турак жайлардын ээлери калкты тейлөө борборлоруна барбастан эле бир нече чыкылдатуу менен өз дарегинде катталган адамдардын саны тууралуу маалыматты ала алышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Кызматтын баасы 200 сом, маалымкат бир айга жарактуу.

Ага кайрылуу үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесин орнотуп, кирип, «Суроо» бөлүмүнөн кызматты тандап, MegaPay аркылуу төлөшүңүз керек.

Жаңы онлайн сервис мамлекеттик кызматтарды алууну дагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылып, жарандардын мамлекеттик кызматтар менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетет.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-октябрь, дүйшөмбү