14:58
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Нурланбек Шакиев: «Кыргызстандын гимнин кайра жазабыз»

Биз гимнди кайрадан жазышыбыз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, гимнди Советтер союзу тараган маалда кабыл алганбыз. Андан бери күн өттү, биз бүгүн өнүгүп жаткан бакубат, кудуреттүү, келечектүү мамлекетте жашап жатабыз.

«Андыктан биз гимнди өзгөртөбүз. Келечектүү, бакубат, күчтүү Кыргызстандын гимнин жазабыз. Биз баары ырдай ала турган жөнөкөй, татыктуу, жакшынакай гимнди чыгарышыбыз керек», — деди Нурланбек Шакиев.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген. Алгач үч куплет жана хордон турган, бирок Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 27-декабрындагы токтому менен экинчи куплет алынып салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-октябрь, дүйшөмбү