08:45
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Ноябрда мугалимдер, дарыгерлер жана артисттер ипотекалык турак жай ала башташат

Ноябрь айынын аягынан тартып Мамлекеттик камсыздандыруу комитетинен ипотекалык батирлерди биринчилерден болуп мугалимдер, дарыгерлер жана артисттер алышат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык түйүндөрдө түз эфирде билдирди.

Ал белгилегендей, ипотека 25 жылга, жылдык 4 пайыз менен баштапкы төлөмсүз берилет. Турак жайдын чарчы метри 650 доллар турат.

Каныбек Туманбаев Орусияда иштеген кыргызстандыктарга 50 пайыздык баштапкы төлөм менен батирлер берилерин билдирди. Калганын 15 жылдын ичинде төлөш керек.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси кошумчалагандай, быйыл Бишкекте 2,5 миң үй-бүлө турак-жай менен камсыз болушат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикада 32 миңден ашык үй-бүлө Мамлекеттик камсыздандыруу комитетинен ипотекалык турак-жай алууга кезекте турат.

Эң көп окулган жаңылыктар