16:12
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке зыяратчылардын эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады

Парламенттин бүгүн, 24-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке зыяратчылар үчүн эрежени өзгөртүүгө мезгил жеткенин айтты.

«Жарандар бул жерге кабыл алуу же экскурсия үчүн келишет. Аларга кичинекей балдар менен кирүүгө тыюу салынат. Балдарды сыртка калтырууну суранышат. Бул туура эмес», — деди Бекешев.

Депутат ошондой эле кире бериште зыяратчылардын уюлдук телефондорун тартып алууга каршы. Ал айтымында, Жогорку Кеңештин имараты видеокөзөмөл камералары менен жабдылгандыктан, бул эрежелерди жокко чыгарууга болот.

Эң көп окулган жаңылыктар