16:01
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Бекешев кесиптештерин ЖМКдагы жалаа боюнча мыйзамга каршы добуш берүүгө чакырды

Парламентте ЖМКлардагы жалган жалаа боюнча мыйзам каралып жатканда, депутат Дастан Бекешев кесиптештерин документке каршы добуш берүүгө чакырды.

Анын айтымында, Маданият министрлигине жалаа үчүн айып салууга укук берүүгө болбойт. Ар бир адам өзүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын сотто коргошу керек.

«100 миң сом деген кандай айып?! Адам өлтүрүү үчүн 100 миң сом моралдык компенсациябыз бар. Ал эми азыр лайк, репост жана комментарийлер үчүн да ушундай эле суммада айып салуу сунушталууда. Эгер кимдир бирөө мен жөнүндө жаман сөз жазса, Маданият министрлиги 100 миң сом айып салат», — деди депутат.

Эске сала кетсек, алар Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексти маалымат каражаттарында жана интернетте жалаа жабуу жана кемсинтүү боюнча берене менен толуктоону каалап жатышат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети кабыл алды. Кошумчаларга ылайык, жалган жалаа, кемсинтүүлөр үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар