16:15
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жактоочу: «Журналист Болот Темировдун уулу чоң энеси менен жашайт»

 Журналисттер Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызынын уулдары чоң апасы менен жашайт. Бул тууралуу адвокат Улан Сейитбеков билдирди.

Анын айтымында, жакын туугандары келбесе, сот жашы жете элек баланы балдар үйүнө берүү чечимин чыгармакчы.  «Баланын атасы Кыргызстандан башка жерде. Апасы бүгүн алты жылга эркинен ажыратылды. Баланы баш калкалоочу жайга жайгаштыруу коркунучу жок. Ал чоң энеси менен жашайт. Анын бардык шарттары мыйзам чегинде”, - дейт Улан Сейитбеков.

Ал кошумчалагандай, судья Кылычбек Истамкуловдун Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековго чыгарган өкүмү негизсиз болгондуктан райондук соттун чечимине каршы даттанарын билдирди. Айыпталуучунун күнөөсү далилденген жок.

Эске сала кетсек, Ленин райондук соту бүгүн, 10-октябрда Темиров Live басылмасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерине карата өкүм чыгарды.

Эң көп окулган жаңылыктар
10-октябрь, бейшемби