15:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Таалайбек Ибраев: Бишкек Жылуулук электр борборундагы оңдоо иштери ноябрда бүтөт

Бишкек ЖЭБде оңдоо иштери ноябрь айында бүтөт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Ал белгилегендей, шаардыктар станциядагы кырсыктын кайталанышынан коркушат.

«Бюджеттен борбордогу ЖЭБди капиталдык оңдоого акча бөлүнгөн. Кытайлык компания курган № 3 жана 4 блоктору оңдолуп жатат. Ал жерде жети жылдан бери бир да жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Долбоорго ылайык, электр кубаттуулугу 300 мегаватт болсо, ал 200 мегаваттка чейин төмөндөгөн. Азыр 3-агрегатты оңдоп бүтүп, от казанды күйгүзөбүз. Ноябрга чейин 4-агрегатты оңдоп бүтөбүз», — дейт Таалайбек Ибраев.

Эскерте кетсек, былтыр 2-февралга караган түнү Бишкек жылуулук борборунда авария болгон. Беш адам жабыркап, үчөө гана ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга алынган. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өткөрүлгөн. Бишкек шаарында жылуулук жана ысык суу 7-февралда толугу менен калыбына келтирилип, 9-февралда республикалык штаб аталган жерде жоюу иштери аяктаганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
1-октябрь, шейшемби