Жаңыдан реконструкцияланган Ала-Тоо аянтында кемчиликтер бар. Бул тууралуу 24.kg басылмасына окурман билдирди.
«Алдыңкы жагы жасалды, бирок Киев көчөсүнүн капталында терезелери сынып, капталдары кулап түшкөн. Мэрия уялбайбы?». — деп сурайт ал.
Эске сала кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы Ала-Тоо аянтын реконструкциялаган. Жаңы флагшток орнотулуп, түстүү от фонтандары орнотулган.