11:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Камчыбек Ташиевдин атын жамынган адамдар ири суммадагы акча алышкан

Камчыбек Ташиевдин атын жамынган эки адам, алдоо жолу менен ишкерден ири суммадагы акча алышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, алдамчылыкка шектелип Ош облусунун тургундары А.М. жана Н.у.С. кармалган.

УКМК бул адамдар акчаны ээлеп алуу менен чектелбестен, жасалма документ аркылуу Ош шаарындагы батирди мыйзамсыз саткан фактысын да аныктаганын белгиледи.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттердин башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

УКМК кармалгандардын аракеттеринен жабыркагандарды жергиликтүү мамлекеттик коопсуздук органдарына кайрылууну өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар