20:44
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте Түркия банктарынын биринин филиалы ачылабы?

Анкарада Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Банктар ассоциациясынын жетекчиси жана Зираат банкынын башкы директору Алпаслан Чакардын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар кызматташууну талкуулоого Кыргызстан менен Түркиядагы банк өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурууну макулдашты.

Тышкы иштер министрлиги
Фото Тышкы иштер министрлиги. Руслан Казакбаев Зираат Банкынын башкы директору Алпаслан Чакар менен жолукту

Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин банктар ассоциацияларынын жыйынын Кыргызстанда өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоого жардам бере турган Зираат банкынын Кыргызстанда филиалын ачуу негизги маселелердин бири болду.

Казакбаев бул кадамдын маанилүүлүгүн белгилеп, Алпаслан Чакарды мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар