02:50
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Коррупционерлердин баары камалат. УКМК жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатат

«Коррупционерлер түрмөдө отурат, алардын жакындары мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат. Тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап койдук», — деди УКМКнын Баткен облусунун Кадамжай районундагы имаратынын ачылышында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында , үч жылдан бери аталган бөлүм өлкөдө паракорчулукка каршы күрөшүү боюнча иштерди аягына чыгара албай келет.

«Биз жада калса катарыбызды тазалай албай жатабыз. Ооба, кандайдыр бир деңгээлде коррупция азайган, бирок ал толугу менен жоюла элек. Ууруларды камайбыз, бирок алар боштондукка чыгышат. Биз эмне кылышыбыз керек? Мыйзам деңгээлинде коррупция үчүн жазаны күчөтүү керек. Коррупцияга аралашкандардын ошол эле жоруктарды кайталоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болбошу керек. Бул багытта УКМК жаңы мыйзам долбоорлорун демилгелеп жатат», — дейт Камчыбек Ташиев.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, коррупционерлер күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен макулдашууга барса болот.

«Бирок азыр алар жазалык санкциянын жок дегенде жарымын түрмөдө өткөрүшөт. Эми коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалгандардын баары күнөөсү далилденсе, сөзсүз түрдө түрмөгө отурушу керек. Мындан эч ким качпашы керек. Коррупцияга барган адам темир тор артына каларын билиши керек», — деди атайын кызматтын жетекчиси.

Камчыбек Ташиев коррупция же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (пара алуу же берүү) боюнча кармалгандар эч качан мамлекеттик кызматка кайтпашы керектигин баса белгиледи. Алардын жакындары — ата-энелери, балдары, жакындары мамлекеттик кызматтарды ээлебеши керек. Аларга шарттуу түрдө бошотуу колдонулбайт.

«Муну сөз менен гана эмес, психикалык деңгээлде да сакташ керек: эгерде сиз улуттук коопсуздук, укук коргоо органдары, прокуратура, соттун кызматкери болуп келген болсоңуз, анда сиз мамлекетке гана кызмат кылышыңыз керек дегенди билдирет. Антпесек, эркибиз, мүмкүнчүлүгүбүз, билимибиз, жалпы психологиялык абалыбыз жетишсиз болсо, андай адамдар мамлекеттик иштерге аралашпашы керек», — деп кошумчалады Камчыбек Ташиев.

Жыйынтыгында ал төрт жылдан бери сот системасынын 10дон ашык кызматкери коррупция жана пара алуу фактылары менен кармалып, бирок алардын бири дагы абакка отургузула албаганын белгиледи.

«Алардын баары бошотулду. УКМКнын, прокуратуранын бир дагы кызматкери түрмөгө түшкөн жок. Бардыгы тергөөгө макул болуп, күнөөсүн мойнуна алып, айып пул менен чыгып кетишет. Эми айып пул болбойт, реалдуу өкүмдөр болот», — деп жыйынтыктады Камчыбек Ташиев.

Эң көп окулган жаңылыктар