Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевдин жана Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлиги жактырылды.
Талкуудан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгында Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болду. Ага 79 депутат «макул» деген добуш берди.
Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министри болгон Абсаттар Сыргабаевге жыйынга катышкан 89 депутаттын 74ү «макул» деген добуш берди.