Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигин колдоду.
Белгилей кетсек, 11-июлдан бери ал Транспорт министрлигинин жетекчисинин милдетин аткарып келген. 2021-жылдын июль айынан бери Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
Абсаттар Сыргабаев 1976-жылы 4-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында туулган. Эки жогорку билими бар: юридикалык жана экономикалык.
«Мээрим-Ай» КФКда экспедитор, «Арион-Стар» ЖЧКсынын директору, Каржы полициясынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын опер кызматкери, Финансы полициясынын Сузак жана Тогуз-Торо райондору боюнча башкармалыгынын начальниги, өкүлчүлүктүн башчысы болуп иштеген.