09:41
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте батирлердин баасы өсүүдө: кандай факторлор таасир этти?

Бишкекте батирлердин кымбаттоосу уланып жатат. Мындай тыянакка Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги турак жай рыногуна мониторинг жүргүзүүнүн негизинде жыйынтык чыккан.

Ведомствонун маалыматы боюнча, июль айында батирдин бир чарчы метринин орточо баасы 85 миң 45,85 сомду, же 999 долларды (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча), үй 109 миң 882,65 сомду,ал эми коммерциялык жайлар — 101 миң 416,59 сомду түзгөн.

Борбор калаада батирлердин чарчы метринин баасы 2024-жылдын 7 айында 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,83 пайызга өскөн.

Башкармалык, маалыматтарды талдоо боюнча 2024-жылы борбордо батирлердин баасы бирдей өсө баштаганын белгилейт. Июль айында жыл башына салыштырмалуу бир чарчы метрдин баасы 12,22 — 13,58 пайызга өскөн.

«Бишкекте батирлерге болгон суроо-талапты эске алганда, баалар мындан ары да жогорулайт деп болжолдоого болот. Батирлердин кымбатташына курулуш материалдарынын кымбатташы, инфляция жана доллар менен улуттук валютанын курсунун айырмасы негизги факторлор болуп саналат. Батирлердин баасына Мамкурулуштун турак жайларды курууда курулуш компанияларына койгон талаптарын катаалдаштыруу сыяктуу факторлор да таасир этиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар