06:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бүгүн Парижде Паралимпиада башталат. Кыргызстандын намысын 4 спортчу коргойт

Бүгүн, 28-августта Парижде баштала турган Паралимпиадалык оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу — пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо боюнча катышат.

Паралимпиада оюндарына көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева, Айтунук Жоомарт кызы паратриатлон боюнча күч сынашат. Ал эми Маматибраим Суранов дзюдочу жана 86 килограммга чейинки салмак категориясында парапауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева катышат.

2024-жылы XVII Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин Франциянын борбору Парижде өтөт. Мелдеш мурда быйылкы жайкы Олимпиада оюндары үчүн колдонулган жайларда өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар