06:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жеки Чан 28-августта Паралимпиада отунун эстафетасына катышат

Белгилүү кытайлык киноактер Жеки Чан Парижде өтө турган Паралимпиада оюндарынын отунун эстафетасын алып бара турган атактуу инсандардын тизмесине кирди.

70 жаштагы кино жылдызы 2024-жылкы Паралимпиаданын ачылыш аземи башталганга чейин факел менен чуркайт. Иш-чара 28-августта Париждеги Vieille du Temple залында өтөт.

Жеки Чан паралимпиада отун француз искусствосунун өкүлдөрү Эльза Силберштейн, Жарри жана Бенжамин Миллепиддер менен бирге алып барат.

2024-жылкы Паралимпиада оюндары эртең, 28-августта башталып, 8-сентябрда аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар