07:24
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Дүйнөдөгү эң көп маяна алган теннисчилер аталды

Forbes журналы акыркы 12 айда эң көп киреше тапкан теннисчилердин тизмесин жарыялады. Рейтингдин башына Чоң шлемдин төрт жолку жеңүүчүсү испаниялык Карлос Алькарас сап башына чыкты.

Forbes дүйнөдөгү эң көп төлөнүүчү 10 теннисчинин тизмеси төмөндөгүчө :

1. Карлос Алькарас (Испания) — 42,3 миллион доллар (10,3 миллион доллар сыйлык жана 32 миллион доллар корттон тышкары).

2. Новак Жокович (Сербия) — 37,2 миллион доллар (12,2 миллион доллар жана 25 миллион доллар).

3. Коко Гауфф (АКШ) — 27,1 миллион доллар (7,1 миллион доллар жана 20 миллион доллар).

4. Ига Свиатек (Польша) — 26,7 миллион доллар (11,7 миллион доллар жана 15 миллион доллар).

5. Янник Синнер (Италия) — 26,6 миллион доллар (11,6 миллион доллар жана 15 миллион доллар).

6. Рафаэль Надаль (Испания) — 23,3 миллион доллар (0,3 миллион доллар жана 23 миллион доллар).

7. Даниил Медведев (Орусия) — 20,3 миллион доллар (7,3 миллион доллар жана 13 миллион доллар).

8. Наоми Осака (Япония) — 14,6 миллион доллар (0,6 миллион доллар жана 14 миллион доллар).

9. Каспер Рууд (Норвегия) — 13,9 миллион доллар (3,9 миллион доллар жана 10 миллион доллар).

10. Арина Сабаленка (Беларусь) — 13,7 миллион доллар (6,7 миллион доллар жана 7 миллион доллар).

Эң көп окулган жаңылыктар