USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Суу ташкынынан бузулган көпүрөлөрдүн зыяны 115 миллион сомдон ашты

10:10, 23 августа 2024, Бишкек - 24.kg

2024-жылдын июнь айында суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн кесепетинен Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жалпы пайдалануудагы жолдорго жана көпүрөлөргө келтирилген зыян 115 миллион сомдон ашык сумманы түздү. Бул тууралуу журналисттерге Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол башкармалыгынын башкы адиси Руслан Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда бир көпүрө, Ош облусунда төрт, Жалал-Абад облусунда эки көпүрө катуу жабыркаган.

Келтирилген зыян абдан оор экенин Руслан Асаналиев белгилеп, аларды калыбына келтирүү толук реконструкциялоону талап кылаарын кошумчалады.

Селдин кесепеттерин жоюуга жол фондунан 158,5 млн сом бөлүнгөн

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика