02:19
USD 89.40
EUR 96.65
RUB 0.98

Жапаров Кемпир-Абадды чогуу башкаруу келишими боюнча оюн билдирди

«Адахан Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган», — деди президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.

Өлкө башчысынын айтымында, Өзбекстан менен түзүлгөн келишимде Кыргызстан плотинаны башкарууга катышып жатат.

«Мындан ары мындай учурларда маселе жаралса, эки тарап чогуу эле маселени жеринде чечип кете беришет. Суу азайышы мүмкүн, бирок 900дөн өйдө көтөрүлбөйт. Ал эми «сууну биз тазалап берет экенбиз» дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз. Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар