18:44
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

ӨКМ: Кожо-Ата дарыясынын суусу каптаган жол тазаланып бүттү

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кожо-Ата дарыясынын суусу каптаган жол тазаланып бүттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Туу жана Жылгын айылдарындагы жөө адамдар өтүүчү 2 көпүрөнүн түркүгүн агызып, авариялык абалга келтирген.

«Азыр жергиликтүү тургундар айланма жол аркылуу өтүүдө. Мындан сырткары Кожо-Ата дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач—Сары-Челек унаа жолунун 19-20-чакырымындагы 1,5 метр аралыкты суу ташкыны жеп кеткен. Азыр жол каттам ачык., Кожо-Ата дарыянын кооптуу деп эсептелген жээктери бекемделди. Мындан сырткары Кара-Жыгач—Сары-Челек унаа жолу калыбына келтирилди», -деп билдирди ӨКМдан.



Эң көп окулган жаңылыктар