04:42
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

УКМК Ысык-Көлдө дрондун кулашы боюнча комментарий берди

УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы, Кыргызстандын учкучсуз учактары, анын ичинде Bayraktar аппараттары да баары толук экенин, эч бири жабыркабаганын билдирди.

Ошондой эле учкучсуз учактарды башкаруучу экипаж коюлган тапшырманы аткарууга дайыма даяр экенин да кошумчалаган.

«Бүгүн 14-августта Балыкчы полигонунда окуу-машыгуу учурунда жаңы тактикалык чакан дрон сыноодон өткөн. Ал Тамчы аба майданына конуу учурунда кулап, күйүп кеткен жана көздөгөн дарегине жетпей калган. Мини-дрондун кулашынан эч ким жабыркаган жок. Учурда аба майданды кырсыктаган мини-дрондун калдыктарынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Аталган дронду сыноодон өткөрүүчү топ бул кырсык боюнча түшүндүрмө берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы аэропортко жакын жерде учкучсуз учак кулаганы маалымдалган. Аймак курчоого алынып, окуя болгон жерге эч кимди жакындаткан эмес. Белгилей кетсек, Байрактар ​​учкучсуз учактары бул аймакта буга чейин көп жолу көрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар