22:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Карамык айылынан 23 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 83 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

 КР УИА Сейсмология институту
Фото КР УИА Сейсмология институту

Белгилей кетсек, Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар