15:25
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 13-июлдан 17-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ селдин алдын алуу үчүн төмөндөгүдөй коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар