09:57
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкек мэриясы социалдык объекттилердин курулушуна 3,5 млрд сом бөлдү

Бишкек шаардык мэриясы социалдык объектилердин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 3,5 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, кирешелерди көбөйтүү менен Бишкек мэриясы көптөн бери чечилбей келген орчундуу көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып барууда.

Социалдык объектилер курулуп, транспорт көйгөйлөрү чечилип, жол тармагы оңдолуп, кеңейтилип, айлана-чөйрө тазаланып, шаардын архитектурасы түп-тамырынан бери жакшыртылды.

"Биринчи жолу жергиликтүү бюджеттен социалдык объекттилердин курулушуна 3,5 млрд сом, жолдор менен көпүрөлөрдү курууга 1,6 млрд сом жана коммуналдык кызматтар үчүн атайын техника сатып алууга 1 млрд сом бөлүндү.

Приоритеттүү маселелердин бири социалдык объекттерди куруу болуп эсептелет. Бул маселени чечүүгө финансылык каражат 2023-жылга салыштармалуу эки эсеге көбөйтүлдү",-деп белгиледи калаа башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар