Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоо 19-июнга чейин созулат.
Абитуриенттер Бишкектеги № 24 мектепте, Оштогу шаардык билим берүү бөлүмүндө каттоодон өтсө болот.Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-июндан 23-июнга чейин Бишкек, Ош шаарларында гана өтөт.
Кеч тест кандайдыр бир себептер менен өз учурунда каттоого жетишпей калгандар үчүн уюштурулат.