Кыргызстандын футбол курамасынын Оман менен беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул оюн тандоо турунун алкагындагы соңку беттеш болду.
Оюн Омандын Маскат шаарында өттү. Беттештеги биринчи голду Кыргызстандын курамасы киргизди: 19-мүнөттө Элдияр Зарыпбеков эсепти ачты. Оюндун биринчи бөлүгү 1:0 эсебинде аяктады.
Омандын курамасы беттештин экинчи бөлүгүндө — 59-мүнөттө гана гол киргизип, эсепти теңей алды. Оюн аяктаганга чейин эсеп өзгөргөн жок.
Тандоо ондарынын алкагында өз эсебинде жалпы 11 упай жыйнаган Кыргызстандын курамасы D тайпасында экинчи орунга жайгашып, Азия кубогуна жолдомо алды