22:08
USD 87.32
EUR 99.37
RUB 1.05

Шамалды-Сай райондук маанидеги шаарга айланат

Административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө Шамалды-Сай райондук маанидеги шаарга айланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, административдик-территориялык реформа боюнча учурда Жалал-Абад облусунда 67 айыл аймактын ордуна 37 айыл аймак болот.

Мындан тышкары жакынкы айылдардын кошулушуна байланыштуу Жалал-Абаддын аймагы көбөйөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG