Чет өлкөлөрдөгү абактарда Кыргызстандын 1 миң 587 жараны бар. Бул тууралуу конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча парламенттик комитеттин отурумунда юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.
Алардын ичинен:
- Россияда — 742;
- Түркияда — 31;
- Тажикстанда — 25;
- Казакстанда— 86;
- Италияда — 10;
- Венгрияда — 1;
- Германияда— 1;
- БАЭде — 15;
- Сауд Аравияда — 2;
- Кореяда — 8;
- Словакияда — 1;
- Словенияда — 1;
- Өзбекстанда — 45;
- Украинада — 2;
- Румынияда— 1;
- Молдовада — 1;
- Францияда— 1;
- Кытайда — 13;
- Иракта — 41;
- Беларуста — 4;
- Литвада — 2;
- Грузияда — 2;
- Иранда— 1.
Дагы 788 кыргызстандык чет мамлекеттердеги тергөө абактарында отурат, алардын 742си Орусияда, Түркияда — 13, Тажикстанда — 9, Казакстанда — 5, Италияда — 5, Венгрияда — 4, Германияда — 2, Египетте — 2, Сауд Аравиясында — 2, Кореяда — 1, Чехияда — 1 жана Францияда — 1.